• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сессияда шаардын шайлоо участкаларынын резервиндеги талапкерлердин курамын макулдашуу боюнча коюлган сунуш колдоо тапты.

"Жалал-Абад шаарынын "Ардактуу атуулу" наамына 7 жарандын талапкерлиги көрсөтүлүп, жергиликтүү эл өкүлдөрү тарабынан кызуу талкууга алынып, макулдук берилди. Ага айрым депутаттар каршы ой-пикирлерин билдирип, наам ыйгарууда шаардын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошкон атуулдарга басым жасоо керектигин айтышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми шаардык жол башкармалыгы мындан ары кошумча акы төлөп кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн алды. Бул багытта көтөрүлгөн сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдоп беришти.

Ошондой эле сессияда муниципалдык менчиктин балансындагы эскилиги жеткен имараттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн бузууга уруксат берүү демилгеси узакка созулган талкуудан кийин колдоо тапты. Аталган жайларды колдонууда сынак аркылуу берүүдө бардык мыйзам талаптары так аткарылууга тийиш экендиги айтылды.

Ал эми күн тартибине коюлган үч маселе кийинки сессияга калтырылды.

Пикир

Оставить комментарий