• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык кеңешинин курамы жаңы депутаттар менен толукталды

Аймак 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин курамы жаңы депутаттар менен толукталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин өз эрки менен мандаттарын тапшырган эл өкүлдөрүнүн ордуна жаңы жети депутат келди. Алар Алманбек Осмонов (КДСП), Сапарбек Осмонов (Кыргызстан), Айбек Эрбаев (Өнүгүү), Жапарали Сейталиев (Өнүгүү), Эрмек Нуржанов (Өнүгүү), Батырбек Нурумбетов (Республика), Замирбек Чынгараев (Республика).

Жаңы эл өкүлдөрүнө төш белгилер тагылып, күбөлүктөр берилди.

Пикир

Оставить комментарий