• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары муниципалдык базардын курулушунан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары муниципалдык базардын курулушунан кабар алды. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма өз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин өнөр жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын депутаттары жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Азамат Раматиллаев баштаган жетекчилер "Курулуш маркет" муниципалдык базардын курулушунун жүрүшү жана канчалык деңгээлде иш алып барылып жаткандыгын жеринен көрүштү.

"Курулуш маркет" базарында "Төөлөс строй" курулуш компаниясы иш жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, аталган базардын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, апрель айында пайдаланууга берүү пландалган. Базардын ичинде бардык шарты менен 800дөн ашуун соода жайы пайда болот.

Пикир

Оставить комментарий