• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жалал-Абад: Шаардык мэриянын аппараттык жыйынында бир катар маселелер каралды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга калаа мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев жана тийиштүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Чогулушта бир катар маселелер көтөрүлүп, айрым тармактардын ишине шаар мэри тарабынан олуттуу сын-пикирлер айтылды.

Тагаев кышка даярдык кандай нукта кетип жатканы тууралуу маалымат алып, бул багытта зарыл болгон аракеттер көрүлүүсүн эскертти. Шаарда жүрүп жаткан ири курулуштардын сапатына көнүл буруп, өз убагында ишти аяктоону талап кылды. Аны менен бирге учурдагы кырдаалды эске алуу менен оорунун жайылуусунун алдын алуу иштерин күчөтүүнү, базарларда, эл көп жайларда рейддерди тынымсыз өткөрүүнү тапшырды.

Ошондой эле 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого карата шайлоо участкаларындагы тазалыкты, санитардык нормалардын сакталышын камсыздоону белгиледи. Шаардык ички иштер башкармалыгына калаада саясий партиялардын үгүт иштериндеги коомдук коопсуздукту тыкыр көзөмөлдөөнү эскертти.

Пикир

Оставить комментарий