• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык мэриясында кышка даярдык көрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаардык мэриясында аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынга мэрдин милдетин убактылуу аткарып жаткан биринчи вице-мэр Болот Узакбаев алып барды. Ага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, вице-мэр Нуртилек Орозбаев, Руслан Алтымышев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Аппараттык чогулушта бардык жумуштар өз нугунда жүрүүсү керектиги айтылды. Ар бир тармак милдеттерин аткарууну үзгүлтүккө учуратпоо зарылдыгы белгиленди.

Негизги маселе катары кыш мезгилине карата даярдыктарды алып баруу, коронавирус менен күрөшүүнү күчөтүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий