• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык мэриясында жаңы дайындоолор

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки вице-мэрлик орунуна жаңы жетекчилер дайындалды. Коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр Нуртилек Орозбаев биринчи вице-мэр болуп дайындалды. Нуртилек Орозбаев 29 жашта. Ал сентябрь айында коммуналдык маселелер боюнча вице-мэр болуп дайындалып, 6-октябрдан тарта мэрдин милдетин аткарып турган.

Ал эми коммуналдык маселелер боюнча вице-мэрликке Элдос Таев дайындалды. 39 жаштагы Элдос Таев шаардык кеңештин депутаты болчу.

Бүгүн мэр Эрнисбек Ормоков жаңы дайындалган вице-мэрлерди мэриянын аппаратына тааныштырды. Калаа башчы иш баштаган жетекчилерге ийгилик каалап, шаардын өнүгүшүнө болгон күч-аракетти жумшоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий