• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык милициясы "селсаяк" рейдин өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милиция кызматы 10-11-декабрь күндөрү кыш мезгилинде суукка тоңуулардын алдын алуу максатында "селсаяк" рейдин жүргүздү. Бул тууралуу шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Анда Жалал-Абад шаарындагы коомдук, эс алуучу жайларда, көчөлөрдө таң эртеден кечке чейин ыңгайсыздык жаратып, үй-бүлөсүз жана кароосуз калгандарды аныктоо иштери уюштурулду.

Рейд учурунда жалпысынан 17 адам текшерүүгө алынган. Алардын өздүгү такталып, бармак издери алынды. 12 жаран райондордон келгендиги белгилүү болуп, жакындарына өткөрүлүп берилди.

Ал эми 5 атуул шаар тургундары экендиктери такталды. Алар Жалал-Абад мэриясынын алдындагы суук түшкөндө селсаяктар үчүн каралган жылуу жайга жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий