• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаардык милициясы “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы “Түнкү өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы коңгуроого байланыштуу өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган рейдге мэриянын кызматкерлери жана социалдык педагогдор катышты. Жалал-Абад шаарында максатсыз жана ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүү менен ата-энелерине тапшырылды.

“Ошондой эле шаар аймагындагы ар кандай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн, экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте парктарда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Эс алуу жайларындагы аттракциондорго түшүүдө жарандарга этият болуу зарылдыгы эскертилди”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин жана Таш-Көмүр ШИИБдин кызматкерлери мектеп окуучуларын акыркы коңгуроого байланыштуу кабыл алынган чектөөлөрдү туура кабыл алуу менен эрежелерди сактоого чакырышты. Жаратылыш койнунда эс алууга чыгууга да тыюу салынгандыгын эскертишти.

Белгилей кетсек, облустук милиция тарабынан Акыркы коңгуроого тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн 700гө чукул кызматкер бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий