• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык милициясы тарабынан тоноо иштери менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 19-август күнү саат 10:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн биринен өзүнө бейтааныш болгон 4 бала Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаага салышып, белгисиз жайга алып барып, тапанча такап коркутуп, 2 даана кол телефонун тартып алып коюшкандыгын билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 45 миң сомдон ашык акчаны түзгөн.

Жогоруда аталган кылмыш окуясы боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренесинин (Тоноо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүүлөрдү аныктап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча оперативдик кызматтарга атайын тергөө тапшырмасы берилген.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү жарандар кармалышты.

Шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, алар Сузак районунун 1992-жылы туулган Т.У. жана К.С. аттуу тургундары, Жалал-Абад шаарынын 1994-жылы туулган П.М. аттуу тургуну болуп чыгышты.

Аталган жарандардын мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаганы аныкталып, далил буюм зат катары бир даана пистолет жана 2 даана кол телефон алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган шектүү жарандар Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө-ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий