• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаардык пробация органында 72 жаран каттоодо турат

Аймак 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык пробация органында 72 жаран каттоодо турат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-сентябрда кылмыштуулуктун алдын алуу жана тизмедеги жарандар менен натыйжалуу иш алып баруу максатындагы атайын жыйын өтүп, бир катар маселелер талкууга алынды. Ага калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев, шаардын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, ички иштер, билим берүү жана шаардык жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

"Анча оор эмес кылмыш жасаган жарандарды сотко чейин жана соттон кийин кайра туура жолго салууда жана мындан кийинки укук бузууларга баруусун алдын алуу алкагында, 2019-жылдан тарта пробацияык орган иш алып барып келет. Азыркы учурда мында 72 жаран каттоого алынып, алардын арасында бир жашы жете элек өспүрүм бар", - деп айтылат маалыматта.

Аларга пробация бөлүмү тарабынан аткарылып жаткан жумуштар боюнча маалымат берилип, жүрүм-туруму өзгөчөлөнгөн айрым жарандарга социалдык жардамдардын жеткиликтүүлүгү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Вице-мэр Руслан Алтымышев түрдүү мыйзам бузуучулукка барган жарандарга экинчи мүмкүнчүлүк берүүдө, тийиштүү кызматтардын өз ара байланышын жандантуу керектигин айтып, жаралган көйгөйлөрдүн алкагында натыйжалуу иш алып баруу керектигин эскертти.

Пикир

Оставить комментарий