• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн адистери, шаардык прокуратура жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы калаада жайгашкан мектептердин окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өткөрдү.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ата-эне менен мугалимдин ортосунда мамилени жана ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү керектиги айтылды.

Ал эми тийиштүү адистерге көзөмөлгө, асыроого алынган балдарга кароо жүргүзүү, турмуштун оор кырдаалына кабылган балдарды окууга тартуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок окуучуларды тактоо, алып берүүгө көмөктөшүү, кылмыштуулукка барган, зордук-зомбулукка кабылган окуучуларга психологиялык жактан жардам көрсөтүү жана алдын алуу, баланын ден соолугуна зыян келтирген жумуштарга баруусун көзөмөлдөө, ата-энеси мигрант окуучулар менен иштөө, суицид, өспүрүм кыздардын эрте никеге туруусун биргелешип токтотуу сыяктуу көйгөйлөр талкууланып, ата-эне менен окуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Түшүндүрүү иштери март айынын акырына чейин шаардагы ар бир мектепте улантылат.

Пикир

Оставить комментарий