• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова ээлеген кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулаймановага карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартип жазасын колдонуу тууралуу сунушун карап чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Судья Элмира Сулаймановага карата тартиптик өндүрүштү козгоого КР Жогорку сотунун тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Элмира Сулайманова «КР судьяларынын статусу жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын жана КР Судьясынын абийир кодексинин талаптарын сактабастан, мас абалында автоунаа башкарып бара жатып, жол-транспорт кырсыгын жасагандыгы, бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын протоколдору менен тастыкталгандыгы белгиленген.

КР Жогорку сотунун сунушун кароонун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Элмира Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чарасын колдонуу чечимин чыгарган.

Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушун колдоп, Сулайманова Элмира Миталовнаны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуп, анын Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий