• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 16 жаран кармалды – комендант

Аймак 0


Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 16 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында бир күн ичинде 20 кылмыш катталып, алардын арасында өзгөчө оор жана оор кылмыштар жок.

"Коменданттык саатты бузган 16 жаран кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында – 4, Сузак районунда –12 адам. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлдү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий