• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды – комендант

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында бир күн ичинде 15 кылмыш катталган. Алардын ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар жок.

"Анын ичинде Жалал-Абад шаарында 2, Сузак районунда 4 кылмыш катталды. Коменданттык саатты бузган 24 жаран кармалды. Алардын ичинен үчөө Жалал-Абал шаарында, 21 адым Сузак районунда кармалды", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий