• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарын иретке келтирүү, көрктөндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарын иретке келтирүү, көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгүндөгү мыйзамсыз курулган жана орнотулган соода жайлары, контейнерлер шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен көрктөндүрүү максатында алып салынды.

Учурда ал жерге арча көчөттөрү тигилип, газон себилди.

Пикир

Оставить комментарий