• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад шаарына 100 миң беткап жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларда беткаптар сатыла баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн алар атайын келишимдин негизинде “Неман-Фарм” жоопкерчилиги чектелген коомунун 10 дарыканасында сатыла баштады. Анда беткаптардын баасы 10 сомдон болуп, тургундарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында ар бир жаранга 3 даанадан гана сатылууда.

Жалал-Абад облусунда жаралган коронавирус жана башка жугуштуу оорулардан коргонуу аракеттеринин алкагында, калаага 100 миң даана бет кап жеткирилди. Эми анын натыйжасында оорудан коргонуучу каражатка болгон муктаждык жеңилдейт.

Пикир

Оставить комментарий