• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарына дагы 46 тонна көмүр келди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына дагы 46 тонна көмүр келди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн тоннасы 4 миң сомду түзөт. Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда.

Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Шаар башчысы Эрнисбек Ормоков муну көмүрдүн жарандардын баарына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи.

Арзан көмүр суроо-талапка жараша үзгүлтүксүз негизде Таш-Көмүрдөн ташылып турат.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефон номерлерине карылууга болот: 0778 620 205 0553 008 595

Эскерте кетсек, кечээ, 25-ноябрдан тарта Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатыла баштаган.

Пикир

Оставить комментарий