• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга чакан ГЭС курулат

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына караган Тоо-Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сайга чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-августта айыл жашоочулары жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков баштаган жетекчилер ГЭС курууну пландап жаткан “Энерджи” чакан ГЭСтерди куруу компаниясынын өкүлү менен жолугушуп, коомдук угуу өткөрүлдү. Анда жыйынга катышкан жергиликтүүлөр бир добуштан чакан ГЭСтин курулушуна макулдугун берди.

Компаниянын өкүлү Узакбай Маматкулов Ничке-Сайга курулуучу чакан ГЭС жылына 10 миллион киловать саат электр энергиясын өндүрө турганын белгилеп, курулуш иштери 2022-жылы башталып, 2023-жылы аягына чыга турганын билдирди.

Курулушка 3,5 миллион долларга чейин каражат сарпталат. Каржылоо чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлөт. Шарты катаал Тоо-Кызыл-Суу айылындагы чакан ГЭС ишке кирсе, 10го чукул жергиликтүү жашоочу туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, жыл сайын жергиликтүү бюджетке социалдык пакет катары 800 миң сомдой каражат түшүп турат.

Пикир

Оставить комментарий