• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарына караштуу Кыргызстан айылында заманбап ФАП курулду

Аймак 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарына караштуу Кыргызстан айылында заманбап ФАП курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-июлда ФАПтын ачылуу аземи болду. Ага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормонов, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, ФАПтын курулушуна демөөрчүлүк кылган "Ассанабил" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

“Аталган айылдын 1300дөн ашуун жашоочусу буга чейин бир нече чакырым жолду жөө басып, Тайгараев аймактык башкармалыгындагы №7 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барышчу. Бул өз кезегинде жашоочулар менен катар эле, аларды тейлеген медицина кызматкерлерине да бир топ түйшүк жаратып келген. Эми жергиликтүү жашоочулар өз айылында медициналык жардам ала баштайт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ФАПта 3 медицина кызматкери эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий