• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарына кирүүгө чектөө киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 24.03.20. /Кабар/.Бүгүндөн тарта Жалал-Абад шаарына сырттан келген жарандардын кирүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, шаарга кирүүчү үч ири көчөлөргө блок посттор орнотулуп, ички кыймылды азайтуу аракеттери көрүлүүдө.

Шаарда коронавирус оорусунун жайылуу коркунучун алдын алууда жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди шаар мэри Мураталы Тагаев жеринде көзөмөлгө алып, нааразычылык жаралган тургундарга түшүндүрүү иштерин алып барды.

Анда жарандарга түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Бул кадамдардын баары элдин ден соолугуна кам көрүү экендигин кошумчалап, ага баш ийбеген тургундарга мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрүн эскертти.

Жалал-Абад шаарына киргизилген чектөөдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жана азык-түлүк ташыган унааларга атайын уруксат кагазынын негизинде гана кирүүгө болот.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 24-мартына карата Кыргызстан боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталды, буга чейин бардыгы болуп 16 жуктуруу учуру аныкталган.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны 42 кишиге жетти.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыктарга ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Азырынча өзгөчө абал 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап, 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин киргизиле тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий