• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарына медициналык беткаптар жеткирилди. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга медициналык беткаптар жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

"Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө келип түшкөн беткаптар "Неман-Фарм" ЖЧКнын дарыканаларына тапшырылды. Өкүл Нурболот Мирзахмедов беткаптын баасы 10 сомдон сатылышы керек экенин баса белгиледи. Жакынкы сааттарда аталган дарыканалардан алсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, эгерде медициналык беткаптын баасы 10 сомдон жогору сатылса, анда тиешелүү кызматтар чара көрөт.

Пикир

Оставить комментарий