• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарына жылуулук берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-октябрынан тарта Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларга (менчигинин түрүнө карабай), мектеп, бала бакча жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Жалал-Абад шаардык мэриясынын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабынын отурумунда кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий