• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 1-декабрдан тарта жол кире кымбаттайт

Аймак 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жол кире кымбаттайт. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясына караштуу Жүргүнчүлөр транспортторунун агенттигинин башчысы Айгерим Абдыкаарова билдирди.

Анын айтымында, шаарда үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта кичи автобустардын жол акысы окуучулар жана пенсионерлерден башка жүргүнчүлөр үчүн 15 сомго жогорулайт.

Эскерте кетсек, 15-ноябрда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында маршруттук каттамдардын жол киресин көтөрүү маселеси каралган. Анда Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчү ташыган кичи автобустардын жол акысын мектеп окуучуларына 5 сом, пенсионерлерге 8 сом боюнча калтыруу, ал эми калган жүргүнчүлөр үчүн 10 сомдон 15 сомго жогорулатуу сунушталып, күйүүчү майлар менен тетиктердин баасынын жогорулагандыгын эске алуу менен эл өкүлдөрү бул сунушту колдоп берген.

Учурда Жалал-Абад шаарында 150дөн ашык кичи автобус жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий