• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 1-класстар онлайн окуйт

Аймак 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы 1-класстын окуучулары белгисиз мөөнөткө чейин мектепке барышпайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-класстар да башка класстын окуучулары сыяктуу аралыктан окуп турушат.

“Бул чечим Жалал-Абад шаарында коронавирус илдетинин кескин көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды. Андыктан ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, балдардын билим алуусун үйдө улантууга чакырабыз. Кайсы убакыттан тартып мектептен билим алууга уруксат бериле турганы илдеттин көрсөткүчүнө карап белгилүү болот”, – деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий