• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 100 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Кечээ, 24-июнда Жалал-Абад шаарында 100 орундуу 2 кабаттуу “Алтын уя” бакчасынын курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облсунудагы ыйыгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аталган бала бакчанын пайдубалы 2017-жылы курулган болсо, бир нече жыл каржы тартыштыгынан бакчанын курулушу токтоп турган. Ал эми 2021-жылы мындагы туругундардын суроо-талабы эске алынып, шаардык кеңештин депуттарынын колдоосу жана шаар бийлигинин аракети менен заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бакчанын курулушуна жергиликтүү бюджеттен 18 млн 600миң сомдон ашуун каражат сарпталды.

Жыл башынан бери шаарда 180 жана 100 орундуу эки бала бакча пайдаланууга берилди. Ал эми жыл аягына чейин дагы бир 50 орундуу бала бакчаны пайдаланууга берүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий