• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 11 миңден ашык жаранга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад шаарында 11 миңден ашык жаранга азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков билдирди.

Анын айтымында, шаарда коронавирус жуктурган алгачкы учур аныкталганда 2 миңге жакын жаран өтө жакыр деп каттоодо турган.

"Ал эми бүгүнкү күндө 9 миңден ашык жаран азык-түлүккө муктажбыз деп 1227.tunduk.kg сайтына катталышты. Шаардык бийлик жеке тараптар жана жергиликтүү бийлик менен бирге 11 миңдан ашык жаранга азык-түлүк жардамын берди", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ге жетти. Алардын ичинен 207си медицина кызматкери. Илдеттен 564 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий