• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында №114 маршруттук каттам жанданат

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында №114 маршруттук каттам жанданат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Курманбек кичирайонунун жашоочуларына кызмат көрсөткөн №114 маршруттук каттам, ушул жылдын 31-январынан тартып ишин улантат.

Каттамга эки кичи автобус коюлат. Кичи автобустардын жол чиймеси жергиликтүү жашоочулар менен бирге аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий