• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча курулууда

Аймак 0

Бишкек, 03.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 150 орундуу типтүү бала бакча курулууда.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, балдар бакчасынын аянты 48 сотыхты түзүп, эки кабаттуу болот.

Бала бакчанын сметалык баасы 97 млн сомду түзөт. Курулуш респуликалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында учурда 26 муниципалдык бала бакча бар.

Пикир

Оставить комментарий