• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында “2020-жылдын мыкты санарип мугалими” сынагы жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “2020-жылдын мыкты санарип мугалими” сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган сынакка 19 мектептин мугалимдери катышкан. Кесип ээлери жаңыча технологияларды пайдалануу менен балдарга билим берүү, окуучуларды онлайн сабакка тартуу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, ата-эне, окуучулар менен байланыш түзүүнүн алкагында таймашкан.

Сынакта №13 Розы Азимов орто мектебинин башталгыч класс мугалими Айнура Асилбекова жеңип чыгып, “2020-жылдын мыкты санарип мугалими” аталды. Алдыңкы орунду ээлегендерге ноутбук, компьютерлер берилди. Калган катышуучуларга турмуш-тиричилик техникалары тапшырылды.

Мындан сырткары “2020-жылдын мыкты мектеп” сынагын жеңген №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектеп гимназиясына Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн туусу ыйгарылды.

Жергиликтүү бийлик аталган сынак үчүн казынадан 150 миң сом акча каражатын бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий