• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 3 миң 70 үй-бүлө жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат – Токобаева

Аймак 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 3 миң 70 үй-бүлө жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева билдирди.

"Жалал-Абад шаарында 3 миң 70 үй-бүлө жакыр үй-бүлө катары каттоодо турат. Алардын ичинен өтө жакыр болуп эсептелген 942 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыктары жана материалдык резервден келген ундар берилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий