• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында 30 орундуу күндүзгү стационар иштеп баштады

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде 30 орундуу күндүзгү стационар иштеп баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күндүзгү стационарга бейтаптар өздүгүн тастыктоочу документ (паспорт), рентген кагазы жана ПЧР-тест менен баруусу шарт. Күндүзгү стационар саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Шаардык штаб COVID-19ду жуктуруп алган бейтаптардын саны өсүп баратканын эске алуу менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Ага ылайык, мекеме-ишканалар, банктар, соода жайлары, базарлар беткап тагуу режимин кармап, антисептикалык каражаттар менен камсыз болуусу керек.

Тойкана, кафе-ресторандар, коомдук тамактануучу жайларда орундуктардын санын эсепке алып, анын тең жарымына гана буюртма алуусу зарыл.

Жалал-Абад шаарында учурда 6 адам оор абалда коронавирус илдети менен күрөшүүдө. Ал эми пневмониянын жеңил түрү менен 78 киши үйүндө дарыланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий