• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 3 миңдей бала 1-класска барды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы бардык мектептерде жаңы окуу жылы башталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин депутаты Бабаравшан Каримов жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Тайгараев аймактык башкаруусундагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектептеги майрамдык иш-чарага катышты.

Анда шаар мэри окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди билим күнү менен куттуктап, балдарга татыктуу таалим-тарбия, билим берүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле аталган мектептин абалы, жылытуу системасы, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн ашканасы менен таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 мектеп бар. Быйылкы жаңы окуу жылында шаардагы мектептерге 3мидей окуучу 1-класска кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий