• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад: 50 адамдан көп эл чогултуп той өткөрүүгө азырынча уруксат берилбейт

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20./Кабар/. Жалал-Абад шаарында 50 адамдан көп эл чогултуп той өткөрүүгө азырынча уруксат берилбейт. Бул тууралуу кечээ шаардын вице-мэри Нуртилек Орозбаев калаадагы 20дан ашуун кафе-ресторандын ээлери менен болгон жолугушууда билдиргендигин, мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.

"Бирок бул багыттагы чектөөлөргө көпчүлүк тойкана ээлери каршылыктарын билдирип, аталган жайлардын иштөөсү менен андагы кызматкерлерге жумуш орду камсыздалып, салык төлөмдөрүн жүргүзүп жаткандыгын айтышты. Жергиликтүү бийлик жана шаардык ооруулардын алдын алуу мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери, жарандар арасында илдеттин жугуу учурлары дагы да токтобой жаткандыгын, массалык эл чогултуп, алар бир имараттын ичинде 4-5 сааттан кармалуусу оорунун жайылуу коркунучун жогорулатаарын маалымдашты", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 11-майында КР өкмөтүнүн 244-токтому чыккан. Анда убактылуу ар бир экономикалык ишин жанданткан тараптарга өздөрүнө тиешелүү алгоритм түзүлгөн. Белгилүү болгондой коомдук тамактануучу жайларга 50гө чейинки жарандарга кызмат көрсөтүүгө уруксат берилген. Бирок, азыркы учурда тойканаларда бул талаптар толук сакталбай жатат.

Буга чейин санитардык көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө айыппул салынып келсе, мындан ары республикалык штабдын чечими менен Жоруктар жөнүндө мыйзамга ылайык, укук коргоо органдары тарабынан 40 миңден 60 миң сомго чейин айыпка жыгылат.

Аймактардан салыштырмалуу Жалал-Абадда оору катталуу учурлары жогору бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий