• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 58 млн сомго 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 01.06.22 /Кабар/. Кечээ, 31-майда Жалал-Абад шаарындагы №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп-гимназиянын 375 орундуу жаңы имаратынын курулушу башталып, пайдубалына капсула салынды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп жамааты катышты.

Облус башчысы мектеп-гимназия шаардагы алдыңкы билим уяларынын бири экенин белгилеп, жаңы имаратта окуучуларга жана мугалимдерге керектүү заманбап шарттар түзүлөөрүн билдирди.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 58 млн 720 миң сом деп бааланган. Курулушту “Алым-Ата” жоопкерчилиги чектелген коому аткарат. Азыркы колдонуудагы эскилиги жеткен мектеп имараты 1927-жылы курулган.

Пикир

Оставить комментарий