• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 7 адамга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында ар тармакта эмгеги сиңген адамдарга "Ардактуу атуул" наамы жана төш белгилери ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев, мэрдин милдетин аткаруучу Нуртилек Орозбаев жана бир катар жергиликтүү эл өкүлдөрү катышты.

"Ардактуу атуул" наамын алгандар:

Турдали Аманов - СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоонун отличниги;

Санжарбек Берикбаев - Кыргыз Республикасынын спорт чебери, мыкты машыктыруучусу, маданияттын мыкты кызматкери;

Сүйүнбай Жоробаев - СССРдин кайра иштетүү жана өнөр-жай ишканаларынын мыкты кызматкери

Абдыманап Маташимов - Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы;

Жумагул Эгембердиева - Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги, Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги;

Мындан тышкары бул наамга Ооган согушунун ардагери Абдиллла Арапбаев жана Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Орозали Сартбаевдер татыды.

Пикир

Оставить комментарий