• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 7 жаранга «Ардактуу атуул» наамы ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан 7 жаранга “Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аларга төш белги жана күбөлүктөрдү шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков тапшырды. Аталган наамга татыган инсандар шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар боюу салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, ар кайсыл тармактарда эмгектенип, эл үчүн кызмат кылып келүүдө.

Алар:

Ахмедов Шавкатбек Джармухамедович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери;

Кочеров Авангард Мамытович - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери;

Мамасыдыков Абдилбает Асанович - Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Экономика илимдеринин доктору, профессор;

Малаев Токтомамат - Кыргыз Республикасынын Ардактуу ардагери;

Печелов Усенбай - «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин төрагасы;

Тагаев Мураталы Абдыкарович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги;

Токтосунов Анарбек Адашович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими.

Пикир

Оставить комментарий