• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында 8 үйдүн мыйзамсыз курулган короо жайы бузулду

Аймак 0

Бишкек, 26.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 8 үйдүн мыйзамсыз курулган короо жайы бузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Спутник кичи шаарчасындагы "Нооруз" эс алуу багынын курулушуна тоскоолдук жараткан Победа көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар бузулууда.

Мындай иш-аракеттер жашоочулардын эс алуусуна шарт түзүү жана "Нооруз" сейил багынын аянтын кеңейтүү максатында жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий