• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык акскалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев жана мекеме-ишканаларда эмгектенген айымдар катышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков коомдо зор күчкө ээ болгон аялзатынынын майрамы менен куттуктап жатып, айымдарга 8-март күнү гана эмес, күн сайын майрамдагыдай маанай тартуулап, урмат-сый көрсөтүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттуүүлүк менен аткаргандыктары үчүн бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга шаардык мэриянын жана депутаттардын шаардык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 18 жаш курактан жогорку 39 миңден ашуун аялзаты бар.

Мындай иш-чара жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан колго алынып, жалпы аялзатына урмат-сый көрсөтүлүп келет.

Пикир

Оставить комментарий