• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында 8-март - Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айымдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, аялдардын коомдогу орду чоң экендиги баса белгиледи. Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга Ардак грамота жана белектерди тапшырды.

Иш-чаранын соңунда концерттик программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Белгилей кетсек, аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмнектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 аялга 500 сомдон акчалай белек берди.

Пикир

Оставить комментарий