• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында "Айдоочуга кат" акциясы болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү Жалал-Абад шаарындагы №2 К. Закиров атындагы орто мектебинин мугалимдер жамааты менен биргеликте бүгүнкү күндө жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында аталган мектепте "Айдоочуга кат" аталыштагы акция өткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБсы боюнча ЖККК бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарада 4-5-6-класстардын окуучулары тарабынан жол кырсыктардын алдын алууга, ошондой эле айдоочулардын жолдо жүрүү
маданиятын камтыган каттарын айдоочуларга окуп беришти. Бул акция кароо-сынак түрүндө өткөрүлүп, мааниси терең жазылган жеңүүчүлөр диплом, грамоталар жана белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий