• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында 10 маршруттук каттамдын багыты өзгөртүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 10 маршруттук каттамдын багыты өзгөртүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттамдарды өзгөртүү Жалал-Абад шаарында жаңы ачылып жаткан муниципалдык базарга баруучу шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайлуу шарт түзүү максатында шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен жүргүзүлдү.

Тактап айтканда, 26-сентябрдан тартып №№101, 102, 103, 105, 107, 108, 109, 110, 111, 112 маршруттук каттамдар аталган муниципалдык базардын жанындагы Байзаков жана Курманбек көчөлөрү аркылуу өтө баштайт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде жалпысынан 13 маршруттук каттам бар. Ал каттамдар аркылуу күн сайын 150дөй кичи автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп келет.

Пикир

Оставить комментарий