• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Алтын тамгага” ээ болгон окуучулар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Алтын тамгага” ээ болгон төрт окуучу сыйланды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Ырысбек Калчаев окуучуларды куттуктап, бүтүрүүчүлөргө мэриянын атынан уюлдук телефон жана мектеп директорлоруна компьтердик жабдыктарды белекке беришти.

"Алтын тамгага" ээ болгон окуучулар: №4 гимназия мектебинин окуучусу Уулкан Алиева менен Р.Санатбаев атындагы №9 гимназия мектебинин окуучусу Акылай Мансурова. Ал эми эки окуучу Зуура Нурматова атындагы кыздар түрк лицейинин окуучулары.

Белгилей кетсек, атайын үлгүдөгү артыкчылык сертификатты алуу үчүн өлкө боюнча 2 141 бүтүрүүчү сынакка катышып, анын ичинен 80ни кызыл аттестатка татыктуу болушкан.

Пикир

Оставить комментарий