• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында арзан баадагы өсүмдүк майын сатуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 23.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан келген арзан баадагы өсүмдүк майын сатуу уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өсүмдүк майынын 5 литри 675 сомдон сатылууда.

"Жарандардын сатып алуусуна ыңгайлуу болуусу үчүн, эми өсүмдүк майы шаардын борбордук бөлүгүндө, тагыраагы, Ж.Бакиев көчөсүндө да сатылууда. (Болжол: Ак-Абад кафесинин жаны).

Ошондой эле мурдагы дарегинде, тагыраагы, Жалал-Абад шаары Курманбек көчөсү 8 дарегиндеги муниципалдык базарда да сатылып жатат. (Болжол: Курулушмаркеттин арт тарабы)", - деп айтылат билдирүүдө.

Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:30га чейин.

Пикир

Оставить комментарий