• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жалал-Абад шаарында арзандатылган 330 тонна көмүр сатылды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында арзандатылган 330 тонна көмүр сатылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмүр сатуу башталгандан бери Жалал-Абад шаарынын тургундарына жана Сузак районунун жашоочуларына көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылууда. Көмүр алууну каалаган жарандарды Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тизмектеп, кезек менен көмүрүн унаага жүктөп берүүдө.

Эске салсак, шаар мэри Эрнисбек Ормоков арзан көмүр жарандарга жеткиликтүү болуусун жана ортомчулар дүңүнөн сатып алуусунун алдын алуу максатында ар бир кардарга бир тоннадан ашык көмүр сатпоо тапшырмасын берген.

Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган арзан баадагы көмүр Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түмөнбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык “Строймаркет” курулуш базарынын короосунда сатылууда. Алдыда калкты арзан көмүр менен камсыздоо улантылат.

Кошумча маалымат үчүн телефон номерлери: 0553 008 595, 0778 620 205.

Пикир

Оставить комментарий