• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында арзандатылган баада ун жана өсүмдүк майы сатылууда — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында "Дан-Юг" ЖЧКсы тарабынан арзандатылган баада ун жана өсүмдүк майы сатылууда. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсү 111 дарегинде жайгашкан “Дан-Юг” ЖЧКсында биринчи сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 1650 сомдон, экинчи сорттогу бир мүшөк ун (50 кг) 1150 сомдон, 5 литр өсүмдүк майы 650 сомдон сатылууда.

Эскерте кетсек, мындай жеңилдетилген баа менен сатуу үстүбүздөгү жылдын14-мартынан 19-мартына чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий