• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында автобус каттамдары жанданды

Аймак 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасы 1-сентябрдан тарта кайрадан ишин баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда шаар боюнча 8 автобус каттам жүргүзүүдө.

Мекемеден билдиришкендей, автобустар техникалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ички эмеректери жаңыланып, сырты сырдоодон өткөрүлгөн. Учурда шаар аймагында № 8, 9 автобустук каттам иштеп жатат.

Эске салсак, жол акысы шаардык кеңештин токтому менен жарандарга 5 сомдон 10 сомго көтөрүлгөн. Ал эми 1-5-класста окуган мектеп окуучулары автобустарда акысыз жүрөт. Ал үчүн мэрия аталган мекемеге жыл сайын каражат бөлүп берет.

Пикир

Оставить комментарий