• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” белгиленүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү” белгиленүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата шаардагы мектептерде атайын иш-чаралар өтүүдө. Бүгүн №14 С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде фестиваль өттү.

Шаардык билим берүү бөлүмү, мугалимдер жана мектеп окуучуларынын катышуусунда 10го жакын улуттун каада-салты, үрп-адаты көрсөтүлдү. Алардын ыр-бийлери даңазаланып, улуттук тамак-аштары көргөзмөгө коюлду.

Саамалык улуттар аралык ынтымакты бекемдеп, окуучуларга кеңири жайылтуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий