• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата массалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэрия шаар аймагындагы калктуу конуштарды, туристтик аймактарды, көп кабаттуу үйлөрдүн, мекемелердин аймагын жана башка коомдук жайларды тазалоо, иретке келтирүү жана көрктөндүрүү максатында 18-сентябрда өтүүчү массалык ишембиликке менчигинин түрүнө карабастан бардык мекеме-уюмдардын кызматкерлерин активдүү катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, ишембилик "Эко Деми" коомдук фондунун ыктыярчылары менен биргеликте уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий