• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жалал-Абад шаарында балдар үчүн күндүзгү стационар иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Бакыт” ден соолукту калыбына келтирүү борборунда 19-ноябрдан тарта күндүзгү стационар иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, күндүзгү стационарда дене табы көтөрүлүп, сасык тумоого чалдыккан 14 жашка чейинки балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт.

Стационар таңкы саат 8:00дөн кечки саат 20:00гө чейин дем алышсыз иш алып барат. Учурда аталган жайда 40 орун даярдалып, дарыгерлер эки нөөмөт менен иштеп жатат.

Учурда жаш балдар арасында сасык тумоо көп катталып жаткандыгына байланыштуу, жергиликтүү бийлик жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, өз учурунда медициналык жардам алуусун камсыздоо максатында күндүзгү стационар ачуу чечимин кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий