• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында балдар ооруканасынын курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында балдар ооруканасынын курулушу башталат. Бул тууралуу облус башчысы Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 15-апрелде, Жалал-Абад шаарынын эми менен болгон жолугушууда билдирген.

Маалыматка ылайык, облустук Барпы театрында өткөн жолугушууга 500дөй шаар тургуну катышып, 50гө жакын ар түрдүү көйгөйлөр менен кайрылышты.

Алар шаар аймагындагы жер участокторун которуу (трансформациялоо), таза суу, тазалык, инфраструктуралык көйгөйлөрүн айтышты. Мындан сырткары, Кадыржан Батыровдун 2010-жылдан кийин жергиликтүү тургундар басып алган учурда муниципалдык менчикке өткөн Спутник аймактык башкармалыгындагы №47 көп кабаттуу үйдүн маселеси көтөрүлдү. Облус башчысы жерлерди трансформациялоо жана көп кабаттуу үйдү тургундарга берүү жагы каралып жатканын, маселе толук мыйзам чегинде чечилэрин айтты.

Жыйында облустук төрөт үйүндөгү медициналык жабдыктардын жетишсиздиги айтылды. Абсаттар Сыргабаев облустук өнүктүрүү фонддун эсебинен эң керектүү жабдыкты сатып алууга көмөктөшөөрүн билдирди. Өкүл мындагы көйгөйлөр менен тааныштыгын, алдыда төрөт үйүнө кошумча перенаталдык борбор куруу боюнча долбоор ишке ашарын айтты.

Жолугушуу учурунда бул жылы Жалал-Абад шаарынын Курманбек аймактык башкармалыгында үч кабаттуу заманбап балдар ооруканасынын курулушу башталаарын белгиленди.

Жыйында айтылган бардык маселелер протоколдоштурулуп, тийиштүү чечимдер кабыл алынаары кошумчаланып, бир катар кайрылган жарандардын маселеси жеринде чечилди.

Пикир

Оставить комментарий